15:19
USD 84.22
EUR 93.82
RUB 0.91

Кыргызстанда дагы 13 мамлекеттик «Эл Аман» дарыканасы ачылат

Жогорку Кеңештин «Ата Журт» фракциясынын жыйынында саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев жакын арада өлкө боюнча дагы 13 «Эл Аман» мамлекеттик дарыкана ачыла турганын билдирди.

Анын айтымында, учурда 87 мамлекеттик дарыкана иштеп жатат.

Аткаминер депутаттарга мамлекеттик дарыканаларда дары-дармектер жеке менчикке караганда 20-30 пайызга арзан сатылып жатканын айтты. «Менимче, азыр биздин дарыканалардын пайда болушу менен жеке менчик дары-дармектердин баасын арзандатууга киришет», — деди ал.

Саламаттыкты сактоо министрлиги мамлекеттик дарыканаларда жашоо үчүн маанилүү дарылардын тизмесине кирген 800дөн ашык дары-дармектер сатыла турганын белгилейт.

Эң көп окулган жаңылыктар