04:33
USD 87.00
EUR 90.41
RUB 0.84

Бишкектеги дагы бир мектепте жардыруучу зат бар экендиги кабарланды

№ 8 орто мектепке бомба коюлганы тууралуу билдирүү келип түшкөн. Бул тууралуу борбор калаанын Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жардыруучу зат коюлгандыгы тууралуу билдирүү 23-сентябрда саат 9.37 чамасында келип түшкөн. Окуя болгон жерге ыкчам-тергөө тобу жана Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын жетекчилиги дароо жөнөп кетишти.

«Жарандардын коопсуздугун камсыздоо жана эвакуациялоо максатында имараттын аймагы курчоого алынган. Тиешелүү издөө жана тактоо иш-чаралары жүргүзүлүп, анын жыйынтыгында бомба коюлганы аныкталган эмес. Мектеп кадимки режимде иштеп жатат», — деп билдиришти милициядан.

Эске салсак, буга чейин Бишкектин Свердлов районундагы No46 мектепте бомба коюлганы тууралуу билдирүү түшкөнү маалымдалган. Укук коргоо кызматкерлери жана ИИМдин СБНОН кинологдору эч нерсе табышкан эмес. Билим берүү мекемеси кадимки режимде иштеп жатат.

Ленин райондук ички иштер башкармалыгы бомба коркунучу боюнча мындай жалган маалымат тараткандар 100 миң сом айып пул төлөп же беш жылга чейин эркинен ажыратыларын эскертет.

Эң көп окулган жаңылыктар