22:49
USD 86.45
EUR 92.47
RUB 1.00

Пекинде өкмөттөр аралык кыргыз-кытай комиссиясынын жыйыны өттү

Пекин шаарында Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы соода-экономикалык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык кыргыз-кытай комиссиясынын 16-жыйыны тар жана кеңейтилген курамда болуп өттү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Жыйын Кыргызстандын министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаевдин жана Кытайдын коммерция министринин орун басары — Кытайдын эл аралык соода сүйлөшүүлөрү боюнча өкүлүнүн орун басары Лин Цзинин төрагалыгы алдында өттү.

Отурумда өзгөчө эки тараптуу сооданы өнүктүрүүгө, инвестициялык, тоо-кен, финансы тармактарында кызматташтыкты тереңдетүүгө жана Кыргызстандын айыл чарба продукцияларын Кытайга экспорттоо маселелерине көңүл бурулду.

Анда минкаб төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен Кытайдын төрагасы Си Цзинпин тарабынан коюлган соода-экономикалык чөйрөдөгү кыргыз-кытай кызматташтыгы бийик деңгээлге көтөрүлгөнүн белгиледи. Маселен, Кытай тараптын маалыматы боюнча, 2023-жылы соода жүгүртүүнүн көлөмү 20 млрд долларды түзүп, өсүү 2022-жылга салыштырмалуу 32%ды көрсөтсө, үстүбүздөгү жылдын январь-июль айларында соода жүгүртүү 11 миллиардга жакын долларга жеткен.

Ал ошондой эле учурда «Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан» темир жолун куруу долбоорунун этап-этабы менен үч тараптуу биргелешип ишке ашырылып жатканын, мындан тышкары кыргыз-кытай мамлекеттик чек арада «Торугарт», «Эркечтам» көзөмөлдөө-өткөрүү пунктарына катар, жакында эле убактылуу жөнөкөйлөштүрүлгөн шарттарды түзүү менен ачылган «Бедел» өткөрүү пунктун айтып, мындай иштер эки тараптуу кызматташууну дагы тереңдетээрин жана жаңы этап башталганынан кабар берерин билдирди.

«Мындан ары жаңы «Бедел» өткөрүү пунктун инфраструктуралык жактан модернизациялоо, ошондой эле «Барскоон-Учтурфан-Аксуу» унаа жолун куруу иштерин биргелешип ишке ашыруу маселеси турат», — деди ал.

Мындан тышкары ал Кыргызстандын Кытай менен санариптик экономика, айыл чарба, туризм, энергиянын кайра жаралуучу булактары жана чек ара соодасы сыяктуу тармактарда соода-экономикалык мамилелерди өнүктүрүү үчүн потенциал чоң экендигин билдирди.

«Бул багыттардагы кызматташтык чындыгында эки тарап үчүн тең пайдалуу болушу мүмкүн. Бул үчүн биз Кыргызстандан Кытайга айыл чарба товарларынын жана азык-түлүктүн айрым түрлөрүн жеткирүү боюнча Протоколдорду түзүү боюнча аракеттерибизди логикалык жыйынтыкка алып чыгышыбыз керек», — деди Бакыт Төрөбаев.

Өз кезегинде Кытайдын коммерция министринин орун басары Лин Цзи бул жолку өкмөттөр аралык комиссиянын отуруму кыргыз-кытай мамилелерин мындан ары чыңдоого жана кызматташуунун жаңы этабына алып чыгууга түрткү берээрине ишенээрин, өзгөчө өз ара соода жүгүртүүнү, анын ичинде электрондук коммерцияны мындан ары жогорулатуу боюнча эки тараптуу пландарды ишке ашыруу үчүн экономикалык мамилелерди жана инвестициялык байланыштарды дагы тереңдетүү зарылдыгын белгиледи.

Ошондой эле, Кыргызстан менен Кытайдын айрым мамлекеттик органдарынын жетекчилеринин өз тармактарында эки тараптуу кызматташуусу тууралуу кыскача баяндамалары угулду.

Отурумдун соңунда сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы өкмөттөр аралык биргелешкен комиссиясынын 16-жыйынынын протоколуна кол коюлду. Жыйынтыгында тараптар кызматташтыктын негизги багыттарын камтыган жыйындын жыйынтыктоочу протоколу эки өлкөнүн мамлекеттик органдары үчүн кыска жана орто мөөнөттүү мезгилге карата иш алып барууга «Жол картасы» болуп калаарын белгилешти.

Эң көп окулган жаңылыктар