04:23
USD 86.45
EUR 92.47
RUB 1.00

Бишкекте 18 жаштагы скутер айдоочусу унааны сүзүп кетти. Анын буту сынган

Бишкекте мопед менен жеңил унаа кагылышып, анын кесепетинен 18 жаштагы скутер айдоочусу баш мээси чайкалып, буту сынып ооруканага түшкөнүн ИИМдин Кайгуул-күзөт кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Кырсык 8-сентябрда болгон. «Хундай Соната» үлгүсүндөгү унаа 7-Апрель көчөсүнөн Суворов көчөсүнө арткы багыт менен бара жатып, ошол маалда скутер аны сүзгөн.

Кагылышуунун кесепетинен 18 жаштагы скутер айдаган жигиттин баш мээси чайкалып, оң буту сынып ооруканага түшкөн. Унаалар убактылуу кармоочу жайга токтотулган.

Чогултулган материалдар кийинки өндүрүш үчүн тергөө кызматына өткөрүлүп берилди.

Эң көп окулган жаңылыктар