07:27
USD 86.20
EUR 91.64
RUB 0.89

11 журналисттин иши. Сот алардын төртөөнү тергөө абагында калтырды

Бишкек шаардык соту Айка Бейшекеева, Махабат Тажибек кызы, Актилек Капаров жана Азамат Ишенбековдун тергөө абагындагы мөөнөтүн узартты.

Коллегия апелляциялык арызды канааттандырган жок жана Ленин райондук сотунун чечимин өзгөртүүсүз калтырды. Төрт журналист 8-октябрга чейин тергөө абагында болот.

Эскерте кетсек, быйылкы жылдын 16-январында 11 журналистке карата кылмыш иши козголгон. Азыркы тапта жети журналист үй камагында. Журналисттер өздөрүнө коюлган айыптар менен макул эместигин билдирип жатышат.

Эң көп окулган жаңылыктар