14:40
USD 86.45
EUR 92.47
RUB 1.00

Кыргызстанда канча бош жумушчу орундары бар экендиги аныкталды. Тизме

Кыргызстанда 7,8 миң бош жумуш орду бар. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү максатында иш берүүчүлөр арасында бош орундарга жүргүзгөн талдоосунда белгилүү болду.

Ведомствонун маалыматка ылайык, 2024-жылдын 1-августка карата 7 миң 848 бош жумуш орду бар. Анын ичинен:

— мектепке чейинки жана мектептеги мугалимдер — 203;

— саламаттык сактоонун кызматкерлери (доктурлар, мед.айым, фармацевт, укалоочу жана санитарлар) — 587;

— адистер — 150;

— кассирлер — 186;

— соода агенттери — 115;

— Мменеджерлер — 46;

— бухгалтерлер — 39;

— юристтер — 32;

— экономисттер — 29;

— инженер-механиктер — 13;

— психологдор — 13;

— тигүүчүлөр — 2112;

— курулуш тармагындагы кызматкерлер (айдоочу, механик, ширетүүчү, столяр, токарь, слесарь, бетон куйгуч ж.б.) — 576;

— айдоочулар — 617;

— кызмат көрсөтүү тармагындагы кызматкерлер (парикмахер, тырмак жасоочу, официант, косметолог, кароолчу, мейман кызматчы, курьер, камкорчу, ашпозчу, кондитер, нан бышыруучу ж.б.) — 1034;

— ар тараптуу жумушчулар — 2096.

Иш менен камсыз кылуу тармагында кызматтарды алуу үчүн министрликтин аймактык башкармалыктарына кайрылуу керек. Бул жааттагы маалыматтарды zanyatost.kg сайтынан республика боюнча бош орундар жана даректери менен тааныша алат.

Эң көп окулган жаңылыктар