14:30
USD 84.22
EUR 93.82
RUB 0.91

Спорттун улуттук түрлөрү боюнча президенттин кубогу өтөт

Эгемендик күнүн утурлай спорттун улуттук түрлөрү боюнча президенттин кубогу өтөт. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, оюндар 28-31-августта Чолпон-Атадагы ат майданда өтөт. Анын алкагында эр эңиш, салбуурун, ат чабыш, көк бөрү боюнча оюндар болот. Ага спортчулар өлкөнүн бардык аймагынан келип катышат.

Мелдештер Дене тарбия жана спорт департаментинин алдындагы Спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекциясы тарабынан уюштурулууда.

Эң көп окулган жаңылыктар