Бүгүн, 19-августка карата Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 12 млрд 294 млн куб метрди түздү. Бул тууралуу «Электр станциялары» ААКнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, суунун агып келиши секундасына 573 куб метрди түзсө, сууну керектөө секундасына 286 куб метрди түзүүдө.