16:17
USD 84.22
EUR 93.82
RUB 0.91

KICB Citibankта АКШ долларындагы төлөмдөр үчүн эсеп ачты

«Кыргыз инвестициялык-кредит банкы» (KICB) өз кардарларына Citibank менен корреспонденттик мамилелер жөнгө салынгандыгы тууралуу маалымдайт. Мындай шарт банкка жана анын кардарларына кызмат көрсөтүүлөр рыногуна түздөн-түз аралашып, АКШ доллары менен төлөмдөрдү жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк түзөт.

KICB
Фото KICB. KICB, Башкарманын төрагасы жана Citibank, Башкаруучу директор

«Citibank корреспонденттик мамилелерди жөнгө салуу үчүн өнөктөш банк катары Кыргыз Республикасында иштеп жаткан дал ушул KICB банкын тандагындыгы биз үчүн өтө сыймыктуу. Демек, биздин ишенимдүү кардарларыбыз Citibankтын кеңири тараган түйүнү аркылуу глобалдуу рынокто SWIFT төлөмдөрүн жүзөгө ашыруунун алда канча кеңири мүмкүнчүлүгүнө ээ болгондугуна биз кубанычтабыз», — деп белгилейт KICB Банк Башкармасынын төрагасы Ариф Али мырза.

Citi жөнүндө

Citibank башка өлкөлөрдүн рынокторунда бүтүмдөргө келишип, иш алып барган финансылык институттар үчүн алдынкы банктык өнөктөш, активдерди тескөө жагында таасирдүү дүйнөлүк лидер жана АКШнын ички рыногунда татыктуу абройго ээ жеке менчик банк болуп саналат. Учурда Citi 180ге жакын өлкөдө жана юрисдикцияларда бизнес жүргүзүү аркылуу өкмөттөрдү кошо алганда, компанияларга, инвесторлорго, уюмдарга жана жеке адамдарга финансылык продукттардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн кеңири топтомун ишенимдүү сунуштап келет.

Бул боюнча толук маалыматты интернет түйүнү жана социалдык тармактардан: www.citigroup.com | X: @Citi | LinkedIn: www.linkedin.com/company/citi | YouTube: www.youtube.com/citi | Facebook: www.facebook.com/citi даректери боюнча алууга болот.

KICB жөнүндө

KICB Кыргыз Республикасы менен Ага Хан Экономикалык өнүгүү фонду (AKFED), Эл аралык финансылык корпорация (IFC), Европа Реконструкциялоо жана Өнүгүү банкы (EBRD), Инвестициялар жана өнүгүү боюнча Немец Корпорациясы (DEG) сыяктуу эл аралык финансылык уюмдар тарабынан 2001-жылы түзүлгөн. Учурда AKFED Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинети менен биргеликте негизги акционер болуп саналат. Банк тууралуу кошумча маалыматты интернеттен: www.kicb.net дареги боюнча алууга болот.

КРУБ лицензиясы 046.

Эң көп окулган жаңылыктар