Жер титирөөнүн очогу Бишкек шаарынан 30 чакырым түштүк-чыгышта болгон. Бул тууралуу КР Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунун сайтында маалымдалды.
Бишкекте 3 балл, Кантта 3,5 баллга жеткен силкинүү сезилди.
Эске сала кетсек, Кыргызстанда саат 15.18де жер титирөө болгон. Android жер титирөө боюнча эскертүүлөр системасынын маалыматы боюнча, жер титирөөнүн күчү очогунда 4,0 баллды түзгөн.