II Бишкек эл аралык кинофестивалынын алкагында Иран киносунун жумалыгы өтөт.Бул тууралуу «Кыргызтасмасы» мамлекеттик кино борбору билдирди.
Маалыматка ылайык, көрүүчүлөргө төрт көркөм тасма жана бир анимациялык тасма көрсөтүлөт. Алардын бардыгы Кыргыз Республикасында көрсөтүү үчүн мамлекеттик каттоодон өткөн.
Кайсы тасмалар көрсөтүлөт:
«Алдын ала макулдашуусуз» (режиссер Бехруз Шояби, драма, Иран, 2022)
«Дельфин бала» (режиссер Мохаммад Хайрандиш, анимациялык, Германия/Түркия/Иран, 2022)
«Капитан» (режиссеру Мохаммад Хамзеи, 2023)
Бул тасма медицина кызматкерлерине жана рак оорусуна чалдыккан балдарга арналган.
«Кыздар отряды» (режиссер: Монир Гейди, драма, Иран, 2022)
«Факультеттеги экинчи жылым» (режиссер Расул Садр Амели, драма, Иран, 2019)
Эске сала кетсек, II Бишкек эл аралык кинофестивалы Кыргызстанда 11-июндан 15-июнга чейин өтөт. Ага 20дан ашык өлкөдөн 70тен ашык коноктор келет. Ага 200гө жакын кинорежиссердун катышуусу күтүлүүдө.