Европанын футбол ассоциацияларынын биримдиги (УЕФА) алдыдагы Европанын футбол чемпионатынын расмий ырын жарыялады. Ырды бир эле учурда үч популярдуу аткаруучу жаздырган.
Аны италиялык электроникалык музыканттар MEDUZA, америкалык One Republic поп-рок тобу жана немис поп ырчысы Леони түзүп, жаздырышкан. Евро 2024 ыры Германия менен Шотландия ортосундагы ачылыш беттешинде биринчи жолу жандуу аткарылат.
Ыр «Fire» англис тилинен которгондо «Жалын» деп аталат.
Турнирдин директору жана Германиянын мурдагы капитаны Филипп Лам: «Евро 2024те биз Европанын ар түрдүүлүгүн белгилеп, биримдик сезимин бекемдөөнү каалайбыз. Жакшы спорт жана мыкты музыка бизди Жалын ыры менен алып жүрүшү керек», — деп билдирди.
Эске сала кетсек, футбол боюнча Европа чемпионаты 14-июндан 14-июлга чейин Германияда өтөт.