Кыргызстандын Улуттук банкы дагы интервенция жасап, валюта базарынан кайрадан 16,9 миллион доллар сатып алды. Бул тууралуу башкы банктын сайтында жарыяланды.
Бул 2024-жылдын башынан бери сегизинчи валюталык интервенция болуп саналат. Жалпысынан Улуттук банк 161 миллион 759 миң долларды базардан алды.