17:36
USD 87.00
EUR 90.41
RUB 0.84

«Акыркы коңгуроо»: Посттор коюлуп, коопсуздук чаралары күчөтүлөт

Кыргызстанда акыркы коңгуроо иш-чарасы учурунда коомдук коопсуздукту камсыздоо жана көзөмөлдөө күчөтүлөт. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, учурда ЖКККББнын кызматкерлери тарабынан бардык орто мектептердин бүтүрүүчүлөрүнө, мугалимдерге жана ата-энелерге балдардын коопсуздугунун маанилүүлүгү боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүүдө. Бул күнү кызматкерлер орто мектептердин аймагына бөлүштүрүлүп, коопсуздукту камсыздашат.

«Айрыкча бүтүрүүчүлөрдын кандайдыр бир укук бузууларына жол бербөө үчүн алдын алуу иштери күчөтүлдү», — деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле он жылдык, жыйырма жылдык жолугушуу кечерелери учурунда ичип алып унаа башкарууга, авто ээнбаштык жасоого жана жалпы жол кырсыктарынын алдын алуу максатында өлкө аймагындагы шаарларга кирип чыгуучу жолдого атайын күзөт посттору коюулуп, унаалар текешрилип турат.

Эске салсак, 25-май күнү Кыргызстандын бардык мектептеринде окуу жылынын аякташына карата салтанаттуу иш-чара өтөт. Ички иштер министрлигинен коопсуздукту камсыздоого жалпы 4 миңден ашык кызматкер тартылат.

Эң көп окулган жаңылыктар