15:16
USD 87.45
EUR 99.46
RUB 1.07

Бишкекте айрым көчөлөр 9-майда жабылат. Тизме

Бишкекте Жеңиш аянтындагы майрамдык иш-чараларга байланыштуу бир нече көчөлөр жабылат. Бул тууралуу милициянын Кайгуул кызмат башкармалыгы билдирди.

Иш-чаралар аяктаганга чейин төмөнкү жол тилкелери жабылат:

  • Фрунзе көчөсү Абдрахманов көчөсүнүн Ибраимовго чейин;
  • Шопоков көчөсү Чүй проспектисинен Жумабек көчөсүнө чейин;
  • Ибраимов көчөсү Чүй проспектисинен Жумабек көчөсүнө чейин.

Мекеме убактылуу ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана каттамдарды алдын ала пландаштырууну суранат.

Эң көп окулган жаңылыктар
WWW.NET.KG