23:01
USD 87.00
EUR 90.41
RUB 0.84

Садыр Жапаров менен Бакытжан Сагинтаев ЕАЭБдеги тоскоолдуктарды талкуулашты

Президент Садыр Жапаров Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) коллегиясынын төрагасы Бакытжан Сагинтаевди кабыл алды. Бул тууралуу өлкө башчысынын басма сөз кызматы билдирди.

Кыргызстандын Евразия экономикалык биримдигине мүчөлүгү алкагындагы кызматташуунун актуалдуу темалары, ошондой эле Евразия мейкиндигинде интеграцияны тереңдетүү жана кеңейтүү маселелери талкууланды.

Садыр Жапаров ушул жылдын май айында ЕАЭБ жөнүндө келишимге кол коюлганына 10 жыл болорун белгиледи. Бул мезгил аралыгында иштин бардык негизги багыттары боюнча олуттуу натыйжаларга жетишилди.

Ошону менен бирге ал келишимдин кыйынчылык менен аткарылып жаткан айрым жоболорун, тактап айтканда, «төрт эркиндик» принцибин: товарлардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн, капиталдын жана жумушчу күчүнүн кыймылын белгиледи.

«Президент бүгүнкү күндө тескерисинче биримдиктин ичинде өз ара соода жүргүзүүдө тоскоолдуктар күчөгөнүн айтты. Акыркы 7 жыл аралыгында биримдиктин мүчө мамлекеттеринин башчыларынын ар бири ички рыноктогу көйгөйлөр жөнүндө айтып келишкен, бирок алар чечилбей жаткандыгын моюнга алуу керек. Мамлекет башчысы толук кандуу экономикалык биримдикти түзүү бардыгы үчүн артыкчылыктуу милдет болуп саналат жана бул максатка эң жакын арада жетишүү зарыл экендигине ишенет», — деп айтылат маалыматта.

Садыр Жапаров өткөн жылы Санкт-Петербург шаарында өткөн Жогорку Советтин жыйынынын алкагында ЕАЭБди андан ары өнүктүрүүгө багытталган бир катар артыкчылыктуу милдеттерди белгилегенин эске салды.

Биримдик ичиндеги өз ара соодадагы тоскоолдуктар боюнча Бакытжан Сагинтаев комиссия тарабынан бул багытта жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымдады. Ал белгилегендей, пайда болгон айрым маселелерди чечүү үчүн ыкчам чаралар көрүлүүдө.

Эң көп окулган жаңылыктар