12:00
USD 87.00
EUR 90.41
RUB 0.84

Камбар-Ата ГЭС-1дин курулушун каржылоо жөнүндө документтер ратификацияланды

Президент Садыр Жапаров Кыргызстан менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын (Дүйнөлүк банк) ортосундагы каржылоо жөнүндө макулдашууну (Камбар-Ата ГЭС-1 долбоору үчүн техникалык жардам) ратификациялоо тууралуу мыйзамга кол койду. Ошондой эле Кыргызстан жана Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы гранттык макулдашуу ратификацияланды.

Мыйзамдын максаты бул документтердин күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу болуп саналат.

Каржылоо жөнүндө макулдашуу жана гранттык макулдашуу менен Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу долбоорунун техникалык-экономикалык негиздемесин актуалдаштырууга жана бул долбоордун техникалык ишке ашырылышына баа берүүгө, анын экологиялык жана социалдык туруктуулугун жогорулатууга, ошондой эле анын финансылык жана коммерциялык базасын чыңдоого Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы тарабынан Кыргызстанга 3 миллион доллар өлчөмүндө кредит жана 2 миллион доллар гранттык каражат берүү каралган.

Эң көп окулган жаңылыктар