Президент Садыр Жапаров «Ишкердик субъекттер үчүн жагымдуу салык чөйрөсүн түзүү жана камсыздандырылган адамдардын мамлекеттик социалдык камсыздоого кызыкчылыгын жогорулатуу жөнүндө» жарлыкка кол койду. Бул тууралуу өлкө башчысынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматта белгиленгендей, өлкөнүн экономикасынын алдында турган учурдагы чакырыктардын шартында экономикалык өсүүнүн жана социалдык өнүгүүнүн маанилүү кыймылдаткычы болуп эсептелген ишкердик субъекттерге дем берүүгө жана колдоого өзгөчө көңүл бурулууда. Ошондой болсо да, көптөгөн ишкерлер расмий эмес сектордо иштөөсүн улантууда, бул өлкөнүн атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жана инновациялык потенциалын өнүктүрүүгө тоскоолдуктарды жаратууда.
Иш берүүчү төлөгөн социалдык чегерүүлөр салыктык чегерүүлөрдүн суммасынан олуттуу ашат, муну менен кызматкерлердин эмгек акысынын өлчөмдөрүн төмөндөтүү үчүн негиздер түзүлүп жатат жана ишкердикти өнүктүрүү үчүн жагымсыз экономикалык чөйрөнүн келип чыгуусуна түрткү болууда.
Бизнес үчүн кыйла жагымдуу шарттарды түзүү, активдүүлүгүнө дем берүү, финансылык ресурстардын жеткиликтүүлүгүн көбөйтүү жана финансылык оорчулукту жеңилдетүү максатында министрлер кабинетине Жогорку Кеңештин кароосуна төмөнкүлөрдү караган мыйзам долбоорлорун киргизүү тапшырылды:
- ишкердик субъекттер үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн ставкаларын 27,25 пайыздан 12,25 пайызга чейин төмөндөтүүнү;
- кызматкерлерге төлөнүүчү эмгек акыны (кирешени) жашыргандыгы үчүн иш берүүчүлөрдүн жоопкерчилигин;
- салык салуу жана камсыздандыруу төгүмдөрүн эсептөө максаттары үчүн эмгек акыны белгилөө боюнча талаптарды аныктоону;
- республикалык бюджетке киреше салыгынан чегерүүлөрдүн ченемин белгилөөнү.
Мындан тышкары министрлер кабинети республикалык бюджетте Социалдык фондго кошумча ассигнованиелерди карашы керек.
Камсыздандыруу төгүмдөрүнүн ставкаларынын төмөндөшү төмөнкү багыттарга таасирин тийгизбейт:
- бюджеттик уюмдар жана жогорку кирешелүү тармактар (пайдалуу кендерди казып алуу);
- электр энергиясы, газ, буу жана кондицияланган аба менен камсыз кылуу (жабдуу);
- маалымат жана байланыш;
- акциздик товарларды (алкоголдук, тамеки буюмдары жана күйүүчү-майлоочу материалдар) сатуу;
- коммерциялык банктар, адистештирилген финансы-кредиттик же кредиттик мекемелер.