Жеңишбек Жоробеков ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын (ЖКККББ) жетекчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, тиешелүү буйрукка министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон.
Жеңишбек Жоробеков буга чейин Ош облустук ички иштер башкармалыгын жетектеп келген.
Эске салсак, бүгүн Азамат Исраилов берген арызынын негизинде ЖКККББнын башчысы кызматынан бошотулганы белгилүү болду.