20:28
USD 87.00
EUR 90.41
RUB 0.84

Садыр Жапаров Татарстандын башчысы Рустам Минниханов менен жолугушту

Президент Садыр Жапаров Казань шаарында «Келечек оюндары» биринчи эл аралык мультиспорттук мелдешинин алкагында Татарстандын башчысы Рустам Минниханов менен жолугушту.

Тараптар Кыргызстан жана Татарстандын ортосундагы эки жактуу кызматташтыкты тереңдетүүгө жана кеңейтүүгө тийиштүү маселелердин кеңири чөйрөсүн талкуулашты.

Президенттин басма сөз кызматы
Фото Президенттин басма сөз кызматы

«Садыр Жапаров жана Рустам Минниханов өз ара аракеттешүүнүн азыркы деңгээлине канааттангандык билдиришип, өнөктөштүк мамилелерди мындан ары да өнүктүрүүгө даярдыктарын белгилешти. Кызматташтыктын соода-экономикалык алакалар, илимий-техникалык кызматташуу жана маданий-гуманитардык байланыштар сыяктуу аспектилерине өзгөчө көңүл бурулду. Тараптар долбоорлорду натыйжалуу ишке ашырууну камсыз кылуу жана өнөктөштүктүн мындан аркы өнүгүшүн өбөлгөлөө үчүн жол карталарын жаңыртуу маанилүүлүгүн баса көрсөтүштү», — деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле алар эки элдин ортосунда маданий алакаларды чыңдоо, спорт жана маданият жаатында тажрыйба алмашуунун маанилүүлүгү тууралуу бирдиктүү пикирлерин билдиришти. Буга байланыштуу 2024-2025-жылдары өз ара маданият күндөрүн өткөрүү чечими кабыл алынды.

Кыргызстан жана Татарстандын ортосундагы конструктивдүү диалог уланат.

Рустам Минниханов Садыр Жапаровго Татарстандын эл аралык аброюн, Татарстан Республикасы менен чет мамлекеттердин, Россия Федерациясынын башка субъекттеринин ортосундагы достук жана кызматташтыкты чыңдоодогу өзгөчө эмгеги үчүн, Татарстандын гүлдөп-өсүшүн өбөлгөлөгөн экономикалык, соода, илимий-техникалык, социалдык, маданий байланыштарды жана өндүрүш дараметин өнүктүрүүгө кошкон олуттуу салымы, натыйжалуу инвестициялык, кайрымдуулук жана коомдук ишмердүүлүгү үчүн «Дуслык» орденин ыйгарды.

«Дуслык» ордени — Татарстандын экинчи маанилүү мамлекеттик сыйлыгы.

Эң көп окулган жаңылыктар