Президент Садыр Жапаров мамлекеттик «Кабар» маалымат агенттигине берген маегинде бөйрөктү бекер алмаштыруу операциясы жана мамлекет ага канча акча короторун айтып берди.
Анын айтымында, азыркы учурда жалпысынан 2 миң 500дөн ашуун гемодиализ алып жаткан жарандар бар. Алардын арасынан 50 бейтап донор таап, толук медициналык изилдөөдөн өтүп, бөйрөк алмаштырууга даярдык иштери башталды.
«Эки медицианалык бригада күн сайын иштеп, күнүнө 2-3төн бейтаптын бөйрөгүнө операция жасаса болот экен. Кудай буюрса эми мындан ары бөйрөк алмаштыруу улантылат. Бардык гемодиализде жаткан жарандарыбыздын бөйрөк алмаштыруусуна кеткен чыгымды (7-8 миң доллар) өкмөт төлөп берет. Бүгүнкү күндө гемодиализ алып жаткан жарандарыбыздын ар бирине мамлекет бир жылда 14-15 миң доллар сарптоодо. Ошондо жалпы суммасын эсептесек, 2 миң 500 кишиге 3 миллиард сомго жакын каражат кетип жатат. Ошондуктан донор тапкан бейтаптарга 7-8 миң долларды мамлекет берип, четинен бөйрөгүн алмаштырып, сакайтып чыгара берсек, аларга кеткен чыгымдар дароо токтойт», — деди Садыр Жапаров.
«Муну мен өзүмдүн башымдан өткөргөн үчүн жакшы билем. Эсиңиздерде болсо, 2014-2015-жылдары иним Дөөлөттү чет мамлекеттердин бирине алып барып, бөйрөгүнө операция жасатып келгенимди айттым эле. Ошол кезде эле операцияга 45 миң доллар бергенбиз. Жол кире, операциядан кийинки реабилитациялоо процедуралары болуп, баш-аягы 70 миң доллар кеткен», — деди президент.
Садыр Жапаров бейтап донорду өзү табарын айтты. «Бул — иниси, байкеси, эжеси, сиңдиси деген сыяктуу жакын туугандары жана эң башкысы, генетикалык жактан дал келүүсү. Муну бейтаптар өздөрү жакшы билишет. Жакында эле донор боло алчулардын тизмегин кеңейтүүгө жол берген мыйзамга кол койдум. Донор табылган соң бейтап дагы, донор дагы кадимкидей эле тийиштүү анализдерди тапшырып, толук медициналык изилдөөдөн өтүп, операцияга даярданышат. Андан кийинки процедуралары боюнча суроолоруңар болсо министрликке кайрылсаңыздар болот», — деп жыйынтыктады өлкө башчысы.