Улуттук банктын башкармалыгы эсептик ченди 13 пайыз деңгээлинде сактап калууну чечти. Бул тууралуу бүгүн маалымат жыйында Улуттук банктын расмий өкүлү Аида Карабаева билдирди.
Анын айтымында, Улуттук банк ички жана тышкы экономикалык чөйрөнүн өнүгүү шарттарына көз салып, аны эске алуу менен чечим кабыл алынды. Кыргызстанда жылдык инфляциянын көрсөткүчү басаңдап, 2023-жылдын жыйынтыгы боюнча жылдык инфляция 7,3 пайызды түздү. Өткөн жылдын жыйынтыгы боюнча өлкөдө экономикалык активдүүлүк жогору бойдон калууда.
«2023-жылдын жыйынтыгы боюнча реалдуу ИДПнын өсүш арымы 6,2 пайызды түзгөн, бул кызмат көрсөтүүлөр секторунун жана иштеп чыгаруу өнөр жайынын олуттуу салымынын эсебинен калыптанган. Ички суроо-талап жогору деңгээлде сакталууда, бул керектөө кредиттеринин көлөмүнүн өсүшүнүн, эмгек акылардын жогорулашынын жана акча которуулар агымынын өсүшүнүн натыйжасында шартталган», — деди Аида Карабаева.
Банк сектору экономиканы жигердүү кредиттөө ишин улантууда. 2023-жылы кредит портфелинин көлөмү 26,3 пайызга өсүп, 257,8 миллиард сомду түздү. Улуттук банк финансы-кредит уюмдарынын ишинин негизги көрсөткүчтөрүнүн туруктуулугу жетиштүү деп эсептейт, бул банк системасынын туруктуулугун сактоого мүмкүндүк берет.
Коммерциялык банктар улуттук валютадагы ликвиддүүлүктүн жетиштүү көлөмүнө ээ. Ички валюта рыногу салыштырмалуу туруктуу бойдон калууда.
«Улуттук банктын эсептик чен өлчөмүн 13 пайыз деңгээлинде сактоо жөнүндө чечими республикада инфляциялык процесстердин андан ары басаңдашына жана орто мөөнөттүү мезгилде инфляциянын максаттуу маанилерин 5-7 пайыз чегинде кармалышына өбөлгө түзөт. Улуттук банк тышкы чөйрөдө да, атамекендик экономикада да түзүлгөн кырдаалга көз салууну улантат. Кандайдыр бир тобокелдиктер келип чыккан учурда жүргүзүлүп жаткан монетардык саясатка кошумча оңдоолорду киргизүү мүмкүнчүлүгү жокко чыгарылбайт», — деп жыйынтыктады Аида Карабаева.
Улуттук Бантын башкармалыгынын эсептик чен боюнча кийинки пландык отуруму 26-февралда өтөт.