Көк-Жар айылында ичүүчү суу убактылуу токтотулат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылйык, айылдын батыш тарабындагы суу түтүгүндөгү оңдоо иштерине байланыштуу Майрам, Салкын жана Кыял көчөлөрүндө муздак суу берүү убактылуу токтотулат.
Иштерди саат 17:00гө чейин бүтүрүү пландаштырылууда.
«Бишкексууканал» мүмкүн болгон ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана шаар тургундарынан суу убактылуу өчүрүүгө түшүнүү менен мамиле кылууну суранат.