Аламүдүн капчыгайында дайынсыз жоголгон 27 жаштагы Мухамбеталы Маматаалы уулун издөө иштери уланууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, куткаруу иштерине 224 адам, 11 дрон жана 18 техника тартылды. Издөө иштерин ӨКМ башчысы Бообек Ажикеев көзөмөлдөп жатат.
Эске салсак, 16-январда 1996-жылы туулган М. у. М. аттуу жарандын Аламүдүн капчыгайында (Теплые ключи) дайынсыз жоголгону белгилүү болгон. Издөө иштери үч күндөн бери жүгүзүлүп жатат.