20:14
USD 87.00
EUR 90.41
RUB 0.84

Жаратылыш министрлиги абанын булганышынын негизги себептерин айтып берди

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары Медетбек Мамытов маалымат жыйынында Бишкектеги абанын булганышынын негизги булактары тууралуу айтып берди.

Анын айтымында, сапатсыз көмүрдүн жагылышынан абанын кирдөөсү 40 пайызды түзөт. Автоунаа, тактап айтканда жүк ташуучу унаалар, микроавтобустар 29 пайызды, дизелдик отун колдонгон өнөр жай ишканалары 15 пайызды, Бишкек ЖЭБи 5 пайыздан 10 пайызга чейин түзөт.

Медетбек Мамедов абанын сапатын жакшыртуу боюнча чаралар тууралуу да айтып берди.

«Газпром Кыргызстан» ЖЧКсы менен биргеликте Бишкектеги 27 турак жай конушу газдаштырылды. Тогуз калктуу конушту газдаштыруу боюнча жол картасы иштелип чыгып, кол коюлду. Бул көмүр керектөөнү болжол менен 15 миң тоннага азайтат. 1-декабрга карата газ тармактарына 8 миң 900 жаңы абонент кошулду», — деди министрдин орун басары.

Бишкектеги 22 меш газ жана альтернативдүү жылытууга которулду. Борбор калаада бардыгы болуп 74 меш бар.

Эң көп окулган жаңылыктар