USD87.45EUR97.92RUB1.02
24.kg

Кыргызстанда ВИЧ инфекциясына кабылган 13 миңден ашуун адам катталган

13:00, 01 декабря 2023, Бишкек - 24.kg

2023-жылдын 1-октябрына карата Кыргызстанда расмий түрдө ВИЧ инфекциясына кабылган 13 миң 30 адам катталган. Бул тууралуу СПИД илдетине каршы күрөшүүнүн Бүткүл дүйнөлүк күнүнө арналган жыйында айтылды.

Бул ооруга чалдыккандардын 12 миң 272си Кыргызстандын жараны.

«Эпидемияга байкоо жүргүзүү мезгилинде Кыргызстанда ВИЧ инфекциясы бар 3 миң 233 адам көз жумган. Бүгүнкү күндө республикада ВИЧ менен жашаган адамдардын 80 пайызы өз статусун билишет», — деп белгилешти кан аркылуу жугуучу вирустук гепатиттерди жана ВИЧти көзөмөлдөө боюнча республикалык борбордон. 

 Алардын айтымында, ВИЧ менен жашаган 2 миңге жакын адам өз статусун билбейт. 

Борбордун директору Үмүткан Жусупованын декабрь айында ар кандай иш-чарала өткөрүлөрүн, алардын жүрүшүндө ВИЧке акысыз тест тапшырууга болорун билдирди. 

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18

Индекс цитированияЯндекс.Метрика