17:58
USD 87.00
EUR 90.41
RUB 0.84

Япония Кыргызстан менен парламенттик кызматташтыкты өнүктүрүүгө кызыкдар

Президенттин басма сөз кызматы
Фото Президенттин басма сөз кызматы

Президент Садыр Жапаров Япония парламентинин өкүлдөр палатасынын спикери Фукусиро Нукага менен жолугушту. Бул тууралуу өлкө башчысынын басма сөз кызматы билдирди.

Парламенттер аралык мамилелерди өнүктүрүү маселелери, ошондой эле аларды мындан ары тереңдетүү боюнча пландар талкууланды. Садыр Жапаров Кыргызстан жана жеке өзү үчүн бул сапар тарыхый болуп саналарын белгиледи. Сапардын алкагындагы жолугушуулар жапон тарап менен мындан ары кызматташуу келечегине чоң оптимизм берет.

Мамлекет башчысы парламенттер аралык байланыштар мамлекеттер аралык мамилелерди өнүктүрүүнүн маанилүү бөлүгү болуп саналаарын, аларды мындан ары өнүктүрүү зарыл экенине басым жасады. Ал Кыргызстан 1991-жылы көз карандысыз мамлекет катары түзүлгөндөн бери демократиялык өнүгүүгө умтуларын билдирди.

Өз кезегинде Фукусиро Нукага өткөн жылы тараптар эки өлкө ортосундагы дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгын белгилешкенин эске салды. Ал белгилегендей, бул жылдар аралыгында Кыргызстан менен Япониянын ортосундагы парламенттер аралык кызматташтык өтө жогорку жана ишенимдүү деңгээлде өнүгүүдө. Ошондой эле Кыргызстанда демократиянын өнүгүшүн белгилеп, парламенттер аралык кызматташтыкты мындан ары кеңейтүүгө кызыкдар экенин ырастады.

Эң көп окулган жаңылыктар