Президент Садыр Жапаров расмий сапар менен Токиого барды.
Өлкө башысынын борту кечээ Ханеда эл аралык аэропортуна конду. Аны Япониянын тышкы иштер мамлекеттик министри Кийото Тсуджи жана башка расмий адамдар тосуп алды.
Бүгүн Садыр Жапаров Император сарайына барды. Аны жана биринчи айым Айгүл Жапарованы император Нарухито жана императрица Масако тосуп алышты. Саламдашуудан кийин алар сүйлөшүүлөр залына өтүштү.