Кыргызстандык дзюдочу Хайитхон Хусан кызы Кытайда өтүп жаткан Пара Азия оюндарында алтын медаль тагынды. Бул тууралуу мелдештин сайтында маалымдалды.
Ал көзү азиздер арасындагы 48 килограммга чейинки салмак ченинде 1/2 финалда Индонезиялык атаандашы Новиа Ларассатини утуп алган.
Финалда ал жапониялык Хангай Шизуканы жеңип, чемпион болду.
Эскерте кетсек, 22-28-октябрь күндөрү Ханчжоу шаарында Пара Азия оюндары өтүп жатат. Ага жеңил атлетика, пауэрлифтинг, теннис, сууда сүзүү, шахмат жана дзюдо боюнча 29 кыргызстандык спортчу катышууда.