Бишкекте Пакистандын жараны алдамчылык үчүн кармалды. Бул тууралуу Свердлов райондук ИИБнин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 8-августта милицияга Пакистандын жараны кайрылган. Ал мекендеши Кыргызстанга чакырып, жумушчу визасын алып берүүнү убада кылганын айткан. Бул үчүн ал 4 миң доллар алган.
Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси «алдамчылык» менен кылмы иши козголду.
Шектүү катары 33 жаштагы Пакистандын жараны кармалып, убактылуу кармоо жайына киргизилди.
Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.