Жалал-Абад облусунда 60 мечит мыйзамсыз иш алып барууда. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Атайын комиссия диний мекемелерди текшерип чыгып, 60 мечит Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиядан жана муфтияттан каттоодон өтпөгөнүн аныктады.
Сузакта — 33, Базар-Коргондо — 2, Ноокенде — 5, Аксыда — 3, Чаткалда — 5, Токтогулда — 1, Тогуз-Тородо — 7, Жалал-Абадда — 3, Майлуу-Сууда 1 мечиттин документтери болгон эмес.
Мечиттерге каттоодон өтүү кеңеши берилди.