2022-жылдын декабрь айынын аягында бейөкмөт уюмдардын демилгеси менен жумушчу топ түзүлгөн. Ага мамлекеттик кызматкерлер дагы кирип, алар чогуу коомчулукта кызуу талкуу жараткан «Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө» (бейөкмөт уюмдар) мыйзам долбоорду кайра иштеп чыгуу керек болчу.
Бейөкмөт уюмдарга «чет элдик агент» эн белгисин басууну сунуштаган Жогорку Кеңештин депутаты Надира Нарматова демилгесин кайра кайтарып алууга даярбы-жокпу азырынча белгисиз. Ал эми президенттик администрациянын юристи Марат Укушев бийликтин мыйзам долбоорго тиешеси жоктугун билдирди.
Активисттер жана аткаминерлерден түзүлгөн жумушчу топ бир жолу гана жыйын өткөрдү.
«Бийликтин «Жалпыга маалымдоо каражаттары» жөнүндө мыйзам долбооруна көз карандысыз эксперт жана медиа өкүлдөрүнүн сунушун көзгө илбей жасаган иштеринен кийин бейөкмөт уюмдар боюнча мыйзам долбоорунда кандайдыр бир өзгөрүү болоруна ишенбейм», — дейт «Журналисттер» коомдук бирикмесинин жетекчиси Нурдин Дүйшенбиев.
Депутат Исхак Масалиев Надира Нарматова демилгелен мыйзам долбоордун коомдук талкуу жүргүзүү мөөнөтү дагы жарым жылга жылдырылганын кабарлады. Бирок бул бийлик жарандык активдүүлүктү кысымга алуу чечиминен баш тартканын билдирбейт. Депутаттын айтымында, мыйзам долбоорго кызыкдар тарап болгондуктан ал кабыл алынат.
Айтмакчы, эгер Жогорку Кеңеш бейөкмөт уюмдар боюнча мыйзам долбоорун кабыл алса, анда саясый партиялар жана диний уюмдар жөнүндө мыйзамдар кайра каралышы керек. Исхак Масалиевдин айтымында, сунушталган долбоор чийки жана аны кайра иштеп чыгуу зарыл.
Укук коргоочулар, юристтердин айтымында, Надира Нарматованын долбоору маңызсыз гана эмес, ал кооптуу дагы. ОБСЕнин адистери Акыйкатчы институтунун суранычы менен өз бүтүмүн даярдашкан. Анын негизинде Конституциялык сотко кайрылуу жөнөтүлдү.
Алардын айтымында, бейөкмөт уюмдар боюнча долбоор жектөө багытын көздөйт. Коммерциялык эмес уюмдарга кошумча жүк артып, жарандардын биригүүгө эркиндигин чектейт.
Бийлик адам укуктары жана эркиндиктер менен ойноо аброюуна чоң көлөкө түшүрөрүн түшүнбөйт окшойт. Алардын түшүнүгүндө, тескеринче «ЖМК жөнүндө» жана «Бейөкмөт уюмдар жөнүндө» мыйзам долбоорлору чет элдик таасирди азайтат.
Надира Нарматованын долбооруна ылайык чет өлкөдөн акча алган уюмдар гана эмес, саясатка аралашкандар дагы «чет элдик агент» макамын алышат.
Бейөкмөт уюмдар саясатка аралашпайт, шайлоого катышпайт. Алар саясый партиялар менен биримдик түзбөйт жана аларга демөөрчү болбойт. Ага карабай чет өлкөдөн грант алган уюмдун баарын эле «чет элдик агент» катары көрсөтүү мыйзамсыз.
Анүстүнө мамлекет өзү дагы чет өлкөдөн грант жана насыя алып турат.
Сунушталган долбоор жарандык сектордун жоюлушуна алып келет.
Диктаторлор гана тышкы душманды издейт деп түшүнүү туура эмес. Андай катачылыкты дүйнөдөгү авторитардык дагы, демократиялык дагы өлкөлөрдүн жетекчилери кетирет. Бирок, «чет элдик агент» түшүнүгү ар башка.
Эгер АКШда агент иштешкен тарап менен кызматташуу төлөнгөндүгү боюнча келишим болушу шарт болсо, Орусияда калем акы, же батирди ремонтогону үчүн которулган 200 миң рубль үчүн дагы бул макамга ээ боло берет.
Эксперттердин айтымында, бул мыйзамдарды бир гана алардын ар кандай колдонуусу бириктирет. Көптөгөн өлкөлөрдүн өкмөтү бул мыйзамды «мамлекеттик кызыкчылык» пайда болгондо гана эстей калышат.
Мисалы, Кыргызстандын бийлиги «батыштын таасирин» көрүп, бирок, орусиялык бейөкмөт уюмдарды байкашпайт. Орусияда кытайдын таасирине көз жумса, Тайванда баардык жактан кытайдын гана изин табып турушат.
Италияда болсо акыркы жылдары мигранттарга жардам берген уюмдарга куугунтуктоо күч.
Сыпаттоо:
«Бир дүйнө Кыргызстан» укук коргоо уюмуну Конституциялык сотко кайрылып, бейөкмөт уюмдар боюнча мыйзамды Баш мыйзамга каршы деп табууну өтүндү.
Эскерте кетсек, өткөн жылдын ноябрь айында бейөкмөт уюмдар жөнүндө эки мыйзам долбоор коомдук талкууга чыгарылды. Анын биринин автору - президенттик администрация, экинчиси — Надира Нарматова.
«Адилет» укуктук клиникасынын жана «Бир дүйнө Кыргызстан» уюму бул талаштуу демилге жарандык сектордун кыйроосуна алып келерин айтышат.