Казино ачууга алгачкы болуп лицензия алган «Грант казино» компаниясы президенттин мурдакы кеңешчиси, санаалашы Арзыбек Бурканов менен байланышкан. Бул тууралуу иликтөөнү Али Токтакунов жарыялады.
Анын айтымында, «Грант казино» компаниясы Арзыбек Буркановго тиешелүү «Ала-Тоо» компанияларынын тобу менен байланышкан.
Ишкананын Юстиция министрлигине берилген байланыш телефондук номуру Канышай Буркановага таандык.