19:59
USD 86.45
EUR 92.47
RUB 1.00

«Вагнер» согушка азгырып кеткен дагы бир өзбекстандык мигрант изделүүдө

Орус түрмөсүнөн Украинадагы согушка азгырылган дагы бир өзбекстандык мигрантты туугандары издеп жатышат.

2021-жылы Чита шаардык соту 30 жаштагы каракалпакстандык Хушнудбекти киши өлтүрүү айыбы менен 8 жылга эркинен ажыраткан. Ал Красноярск крайындагы № 7 колонияда жазасын өтөп жаткан.

Хушнудбектин иниси Дилшодбектин айтымында, агасы эртерээк эркиндикке чыгуу үчүн «Вагнер» жеке аскердик компаниясы менен аргасыздан келишим түзгөн. Бир нече убакыттан кийин белгисиз бир аял ага телефон чалып, Хушнудбек анын уулу менен согушка кеткенин айтып, Дилшодбекке мобилдик телефонуна Strim тиркемесин жүктөп алууну сунуштаган.

«Аял мага агам ушул тиркеме аркылуу чаларын айткан. Ал чындап Жаңы жылдын алдында чалды. Үйдөгүлөрдү куттуктады. Дагы бир жолу орус номурдан чалды», — деди Дилшодбек.

«Оздоликтин» журналисти Лилия аттуу ошол аял менен байланышты. Ал Хушнудбек «Вагнер» компаниясы менен келишим түзүп, уулу менен кошо Украинадагы согушка кеткенин тастыктады. Ал түрмөдөн чыккандар Украинада катуу көзөмөлдө экенин кошумчалады.

Хушнудбектин үй-бүлөсү анын тирүү же өлүү экенин билбейт.

2022-жылы ноябрда «Вагнер» компаниясынын негиздөөчүсү Евгений Пригожин «Арейское» айылындагы № 7 колонияга барып кеткени белгилүү.

Орусиялык укук коргоочу Иван Асташиндин маалыматына караганда, бул колониядан Пригожин Украинадагы согушка 150 кишини азгырып кеткен.

Эң көп окулган жаңылыктар