Билим берүү жана илим министрлиги менен «Teach for KG — Заманбап мугалим» коомдук фондунун ортосунда кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюлду.
«Teach for Kyrgyzstan» программасы ар кайсы тармактын адистери үчүн мугалимдик кесипке альтернативдүү жол менен киришүүнү сунуштайт. Программанын алкагында эки жыл бою мугалимдер куратордук, усулдук жана стипендиялык колдоого ээ болушат. Ошондой эле программанын бүтүрүүчүлөрү мектептеги билим берүү тармагында өздөрүнүн долбоорлорун түзүп, илимий-изилдөө жана эксперттик иштерди жүргүзө алат.
«Teach for Kyrgyzstan-Заманбап мугалим» программасы алгач Чүй облусунда, кийинчерээк башка аймактарында иштей баштайт. Быйыл билим берүү программасы иштелип чыгып, пилоттук мектептер менен иштөө башталат. 2024-жылдын сентябрынан тарта билим берүү мекемелеринде иштей баштай турган программанын стипендиаттары тандалат.
Министрликтин билдирүүсүндө, Teach for KG — Заманбап Мугалим" Фонду өз өлкөлөрүндө билим берүүнүн сапатын жогорулатууга кызыкдар болгон көз карандысыз коомдук уюмдардын глобалдык түйүнү болгон Teach for All уюмунун Кыргызстандагы өкүлү.
Бүгүнкү күндө «Teach for All» дүйнө жүзү боюнча 66 өлкөдө ийгиликтүү иштейт.

