Диний-экстремисттик уюмдарга каршы күрөшүү боюнча «Хизб ут-Тахрир» мүчөлөрүнөн баш тартуу боюнча иш-чаралар улантылууда. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 1967-жылы туулган А.А.Т., 1977-жылы туулган А.Т.К., 1978-жылы туулган Т.А.А., Р., 1979-жылы туулган Ю.Р.М. жана 2000-жылы туулган Х.Ш.Ш. аттуу Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун тургундары экстремисттик идеологиядан эл алдында баш тартышкан. Бул адамдар мурда «Хизб ут-Тахрир» ЭТУнун экстремисттик ишмердүүлүгүнө катышып, экстремисттик идеологияны активдүү жайылтып келишкен.
Жогоруда аталган жарандар өздөрү тандап алган диний багытынын туура эместигин моюнга алып, жарандарды «Хизб ут-Тахрир» ЭТУнун мүчөлөрүнүн мыйзамсыз чакырыктарына алдырбоого чакырышты.
УКМК тарабынан тыюу салынган «Хизб ут-Тахрир» диний-экстремисттик уюмунун катарына жаңы тарапкерлердин тартылышынын алдын алуу боюнча профилактикалык иш-чаралар улантылууда.

