Садыр Жапаровдун катышуусунда Бишкекте футбол боюнча «Мурас» достук турниринин экинчи күнү башталды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка алайык, бүгүн, 15-декабрда, тайпалык баскычтан өткөн 8 команда турнирде жеңиш үчүн күрөшүн улантат.
Плей-офф баскычындагы оюндар «Газпром балдарга» дене тарбия жана ден соолукту чыңдоо спорт комплексинин базасында өткөрүлөт.
Күйөрмандар үчүн кирүү акысыз.