13:49
USD 87.00
EUR 90.41
RUB 0.84

Караколдогу аткаминер кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган

Саламаттыкты сактоо министрлигинин Карантиндик жана өзгөчө коркунучтуу инфекциялар республикалык борборунун Каракол шаардык кара тумоого каршы бөлүмүнүн башчысы М.Р.К. кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактылары аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, М.Р.К. кызматтык абалынан пайдаланып, өзү жетектеген мекеменин кызматкерлеринен системалуу түрдө акча каражатын талап кылып алып турган. Алсак, Ысык-Көл облусунун сырт аймактарында карантиндик жана өзгөчө коркунучтуу инфекцияларды изилдөө жана алдын алуу боюнча кара тумоого каршы бөлүмүндө эпидемияга жана чаңга каршы отряддардын жасалма тизмелери түзүлгөн. Жыл сайын жай мезгилдеринде тиешелүү буйруктарга ылайык белгилүү сандагы адистерден турган отряддар сырт аймактарына чыгып кетүүгө тийиш. Бирок, иш жүзүндө бир кыйла азыраак сандагылар чыгышкан. Ошол эле учурда мындай адистин ар бирине жол кире акысына акча чегерилген. Сырт аймактарында иш жүзүндө иш жүргүзбөгөн адамдарга акча каражаттар которулгандан кийин, аталган М.Р.К.га системалуу түрдө өткөрүп берип турушкан.

Азыркы учурда, КР Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 2-бөлүгүндө (Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында, М.Р.К.нын мындан башка мыйзамсыз иштерге катыштыгы бар экендигин аныктоо боюнча ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүп жатат.

Эң көп окулган жаңылыктар