Бишкектин кыздардын футболдук командаларынын ортосунда Кыргызстандын чемпиону болду. Бул тууралуу Кыргыз футбол бирикмесинен билдиришти.
Финалдык этапта Бишкек шаарынын «Алга» командасы жети упай топтоп, 1-орунду камсыздады.
Ал эми Оштун «Каганат» командасы экинчи, Ысык-Көлдүн курамасы үчүнчү орунга илинди.
Сыйлоо аземинде медалды жана кубокту Кыргызстандын кыз-келиндер курама командасынын башкы машыктыруучусу Нематжан Закиров жана Ош шаары жана Ош облусу боюнча футбол ассоциациясынын өкүлү Эркин Нариев тапшырышты.