17:21
USD 86.51
EUR 93.66
RUB 1.02

Валентина Шевченко жетинчи жолу чемпиондук макамын коргоду

UFC уюмунун аялдар арасындагы эң жеңил салмактагы чемпиону, кыргызстандык Валентина Шевченко бразилиялык Тайла Сантосту жеңип алды. 11-июнда Сингапурда өткөн беттеште Шевченко жетинчи жолу чемпиондук макамын коргоду.

Кыргызстандык Валентина Шевченко UFC уюмунун аялдар арасындагы эң жеңил салмактагы чемпиондук наамын 2018-жылдын 9-декабрында польшалык Йоанна Ежейчикти жеңгенден кийин алган. Андан бери чемпиондук курун ийгиликтүү коргоп келатат.

Эң көп окулган жаңылыктар
WWW.NET.KG