22:57
USD 87.00
EUR 90.41
RUB 0.84

COVID-19. Вирус жуктургандар жана каза болгондор катталган жок

Кыргызстанда 22-апрелге карата коронавирус аныкталган адамдар катталган жок. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

«Сакайгандар жок», — деп айтылат маалыматта.

Сутка ичинде каза болгондор катталган жок.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 3 бейтап, амбулатордук түрдө 26 адам дарыланууда.

«Ал эми бир суткада 11 адам илдеттен сакайды, анын ичинде Бишкек шаарында — 6, Чүй облусунда — 5 бейтап айыгып чыкты», — деп айтылат маалыматта.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 200 миң 983 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 196 миң 371 киши айыгып чыкса, 2 миң 991 адам каза болду.

Эң көп окулган жаңылыктар