Кыргызстанда 15-апрелге карата коронавирус дагы 7 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Анын айтымында, анын ичинде Бишкек шаарында — 5, Чүй облусунда — 2 адамдан илдет табылган.
«Сакайгандар жок», — деп айтылат маалыматта.
Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 55 бейтап, амбулатордук түрдө 37 адам дарыланууда.
«Ал эми бир суткада Бишкекте 2 адам илдеттен сакайды», — деп айтылат маалыматта.
Сутка ичинде каза болгондор катталган жок.
Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 200 миң 980 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 196 миң 306 киши айыгып чыкса, 2 миң 991 адам каза болду.