09:35
USD 87.00
EUR 90.41
RUB 0.84

COVID-19. Бир суткада 11 кишиден вирус аныкталып, каза болгондор жок

Кыргызстанда 24-мартка карата коронавирус дагы 11 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Анын айтымында, анын ичинде Бишкек шаарында — 9, Чүй облусунда — 2 адамдан илдет табылган.

«Ал эми бир суткада 16 адам илдеттен сакайды, анын ичинде Бишкек шаарында — 10, Чүй облусунда — 3, Ысык-Көл, Жалал-Абад жана Ош облустарында бирден бейтап айыгып чыкты», — деп айтылат маалыматта.

Сутка ичинде каза болгондор катталган жок.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 89 бейтап, амбулатордук түрдө 63 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 200 миң 847 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 196 миң 129 киши айыгып чыкса, 2 миң 982 адам каза болду.

Эң көп окулган жаңылыктар