Кыргызстанда 7-мартка карата коронавирус дагы 10 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Анын айтымында, анын ичинде Бишкек шаарында — 9, Чүй облусунда — 1 адамдан илдет табылган.
«Ал эми бир суткада 39 адам илдеттен сакайды, анын ичинде Бишкек шаарында — 13, Ош шаарында — 1, Чүй облусунда — 7, Ош облусунда — 6, Талас облусунда — 7, Ысык-Көл облусунда — 3, Жалал-Абад облусунда — 2 бейтап айыгып чыкты», — деп айтылат маалыматта.
Сутка ичинде Баткен облусунда бир бейтап каза болду.
Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 153 бейтап, амбулатордук түрдө 260 адам дарыланууда.
Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 200 миң 641 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 195 миң 683 киши айыгып чыкса, 2 миң 966 адам каза болду.