Кыргызстандын ГЭС жана ЖЭБинде авария болгон жок. Бул тууралуу «Электр станциялары» ААКсы билдирет.
Билдүрүүгө ылайык, аталган жерлерде иштөө режими калыбына келтирилип жатат.
«ГЭС жана ЖЭБдин жабдуулары жабыркаган эмес», — деп айтылат маалыматта.
Эскерте кетсек, бүгүн түшкө маал Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстанда электр жарыгы өчүп калган.