09:32
USD 86.45
EUR 92.47
RUB 1.00

Бишкекте президенттик балаты өттү. Ага 1 миң 100 бала катышты

Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда президенттик балаты өттү.

Ага өлкө башчысы Садыр Жапаров катышып, балдарды билим алууга умтулууга чакырды.

«Эже-агайыңардын, ата-энеңердин «Менин балам, менин кызым, эл керегине жараган, өлкөсүн өргө карай сүрөгөн уул-кыздардан болсо экен» деген аруу тилектерин аткарууга чакырам. Анткени биз — ата-энелер жана эже-агайларыңар уул-кыздарыбыздан Жусуп Абдрахманов, Исхак Раззаков, Ишеналы Арабаев, Чынгыз Айтматов, Сүймөнкул Чокморов, Таттыбүбү Турсунбаева, Бүбүсара Бейшеналиева, Илон Маск, Марк Цукербергдер чыкса экен деп ниет кылабыз», — деди ал.

Иш-чарага өлкөнүн бардык аймактарынан 8 жаштан 14 жашка чейинки 1100 бала чакырылды, анын ичинде окуунун отличниктери, олимпиадалардын, эл аралык сынактардын жана турнирлердин жеңүүчүлөрү, балдар үйлөрү, Ооганстандын Кичи жана Улуу Памириндеги этникалык кыргыздардын, укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин балдары жана кызматтык милдеттерин аткарууда курман болгон аскер кызматчылары, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары, ошондой эле ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар ж. б.

Балдарга бий топторунун тарбиялануучулары тарабынан даярдалган «Бакыт аралы» жаңы жылдык оюн-зоогу көрсөтүлдү.

Эң көп окулган жаңылыктар