09:45
USD 87.00
EUR 90.41
RUB 0.84

COVID-19. Бир суткада 37 кишиден вирус аныкталып, бир бейтап каза болду

Кыргызстанда 23-декабря карата коронавирус дагы 37 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Анын айтымында, анын ичинде Бишкек шаарында — 13, Чүй облусунда — 9, Ош облусунда — 2, Талас облусунда — 1, Нарын облусунда — 1, Ысык-Кол облусунда — 5, Жалал-Абад облусунда — 6 адамдан илдет табылган.

«Ал эми бир суткада 42 адам илдеттен сакайды, анын ичинде Бишкек шаарында — 19, Ош облусунда — 2, Чүй облусунда — 16, Талас облусунда — 1, Жалал-Абад облусунда — 3, Баткен облусунда — 1 бейтап айыгып чыкты», — деп айтылат маалыматта.

Сутка ичинде Чүй облусунда бир бейтап каза болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 299 бейтап, амбулатордук түрдө 343 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 184 миң 356 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 179 миң 442 киши айыгып чыкса, 2 миң 788 адам каза болду.

Эң көп окулган жаңылыктар