09:41
USD 87.00
EUR 90.41
RUB 0.84

COVID-19. Бир суткада 50 кишиден вирус аныкталып, 3 бейтап каза болду

Кыргызстанда 3-декабря карата коронавирус дагы 50 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Анын айтымында, анын ичинде Бишкек шаарында — 24, Чүй облусунда — 9, Ош облусунда — 5, Талас облусунда — 2, Нарын облусунда - 1, Жалал-Абад облусунда — 3, Баткен облусунда — 6 адамдан илдет табылган.

«Ал эми бир суткада 74 адам илдеттен сакайды, анын ичинде Бишкек шаарында — 28, Чүй облусунда — 12, Ош облусунда — 3, Ысык-Көл облусунда — 15, Баткен облусунда — 4, Жалал-Абад облусунда — 12 бейтап айыгып чыкты», — деп айтылат маалыматта.

Сутка ичинде Бишкек шаарында үч бейтап каза болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 394 бейтап, амбулатордук түрдө 400 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 183 миң 510 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 178 миң 478 киши айыгып чыкса, 2 миң 755 адам каза болду.

Эң көп окулган жаңылыктар