16:14
USD 87.00
EUR 90.41
RUB 0.84

COVID-19. Бир суткада 108 кишиден вирус аныкталып, 3 бейтап каза болду

Кыргызстанда 11-ноябрга карата коронавирус дагы 108 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Анын айтымында, анын ичинде Бишкек шаарында — 47, Чүй облусунда — 35, Ош облусунда — 2, Талас облусунда −1, Ысык-Көл облусунда — 9, Баткен облусунда — 9, Баткен облусунда — 5 адамдан илдет табылган.

«Ал эми бир суткада 118 адам илдеттен сакайды, анын ичинде Бишкек шаарында — 58, Ош шаарында — 2, Чүй облусунда — 14, Ош облусунда — 2, Талас облусунда — 3, Ысык-Көл облусунда — 37, Жалал-Абад облусунда — 2 бейтап айыгып чыкты», — деп айтылат маалыматта.

Сутка ичинде Бишкек шаарында, Чүй жана Баткен облустарында бирден бейтап каза болду.

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 3 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Пандемия башталгандан бери 6 миң 8959 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 6 миң 829 медкызматкер айыгып чыкты.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 552 бейтап, амбулатордук түрдө 797 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 182 миң 90 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 176 миң 510 киши айыгып чыкса, 2 миң 697 адам каза болду.

Эң көп окулган жаңылыктар