15:58
USD 87.00
EUR 90.41
RUB 0.84

COVID-19. Бир суткада 74 кишиден вирус аныкталып, 2 бейтап каза болду

Кыргызстанда 3-ноябрга карата коронавирус дагы 74 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Анын айтымында, анын ичинде Бишкек шаарында — 23, Чүй облусунда — 25, Ош облусунда - 2, Талас облусунда −4, Нарын облусунда — 1, Ысык-Көл облусунда — 11, Жалал-Абад облусунда — 7, Баткен облусунда — 1 адамдан илдет табылган.

«Ал эми бир суткада 97 адам илдеттен сакайды, анын ичинде Бишкек шаарында — 40, Чүй облусунда — 37, Ош облусунда — 2, Нарын облусунда — 2, Ысык-Көл облусунда — 9, Жалал-Абад облусунда — 5, Баткен облусунда — 2 бейтап айыгып чыкты», — деп айтылат маалыматта.

Сутка ичинде Бишкек шаарында жана Чүй облусунда бирден бейтап каза болду.

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 1 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Пандемия башталгандан бери 6 миң 884 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 6 миң 802 медкызматкер айыгып чыкты.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 605 бейтап, амбулатордук түрдө 803 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 181 миң 499 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 175 миң 892 киши айыгып чыкса, 2 миң 676 адам каза болду.

Эң көп окулган жаңылыктар